"Digital Queen" разработка и продвижение веб-сайтов, контактные телефоны: +996 555 833 339: +996 772 333 327. “Элита plus” журналы, elitaplus.kg сайты менен кызматташуу үчүн байланыш телефондор: 0703 87-40-15; 0557 51 70 80.
Ийгилик сыры
Акылбек ТҮМӨНБАЕВ, Түгөлбай Сыдыкбековдун небереси: “Элге кылган жакшылык жерде калбайт”
Элита плюс
Июль 08, 2020 г.
Акылбек ТҮМӨНБАЕВ, Түгөлбай Сыдыкбековдун небереси:  “Элге кылган жакшылык жерде калбайт”
© Элита плюс
Акылбек ТҮМӨНБАЕВ, Түгөлбай Сыдыкбековдун небереси:  “Элге кылган жакшылык жерде калбайт”
© Элита плюс
Акылбек ТҮМӨНБАЕВ, Түгөлбай Сыдыкбековдун небереси:  “Элге кылган жакшылык жерде калбайт”
© Элита плюс
Акылбек ТҮМӨНБАЕВ, Түгөлбай Сыдыкбековдун небереси:  “Элге кылган жакшылык жерде калбайт”
© Элита плюс
Акылбек ТҮМӨНБАЕВ, Түгөлбай Сыдыкбековдун небереси:  “Элге кылган жакшылык жерде калбайт”
© Элита плюс
Акылбек ТҮМӨНБАЕВ, Түгөлбай Сыдыкбековдун небереси:  “Элге кылган жакшылык жерде калбайт”
© Элита плюс
Акылбек ТҮМӨНБАЕВ, Түгөлбай Сыдыкбековдун небереси:  “Элге кылган жакшылык жерде калбайт”
© Элита плюс
Акылбек ТҮМӨНБАЕВ, Түгөлбай Сыдыкбековдун небереси:  “Элге кылган жакшылык жерде калбайт”
© Элита плюс
Акылбек ТҮМӨНБАЕВ, Түгөлбай Сыдыкбековдун небереси:  “Элге кылган жакшылык жерде калбайт”
© Элита плюс
Акылбек ТҮМӨНБАЕВ, Түгөлбай Сыдыкбековдун небереси:  “Элге кылган жакшылык жерде калбайт”
© Элита плюс
Акылбек ТҮМӨНБАЕВ, Түгөлбай Сыдыкбековдун небереси:  “Элге кылган жакшылык жерде калбайт”
© Элита плюс

“Жөнөкөйлүк - адам көркү” демекчи, мамлекеттик, коомдук иштерде алгылыктуу аракеттерди аркаласа да мен-мен деп төш какпаган адамдар чанда кездешет. Алардын бири - Түмөнбаев Акылбек Тогузбаевич. Акылбек мырза - Кыргыз Эл жазуучусу Түгөлбай Сыдыкбековдун небереси. Элге жакын, эл-жер дегенде ичкен ашын жерге койгон, элине кайрымдуу атанын уулу. Кандай кырдаал болбосун, жардам сурагандардан аянбайт. Өлкөнү дүрбөлөңгө салган коронавирус пандемиясы күчөп турганда Акылбек Түмөнбаев Ысык-Көлгө, Түп районуна жардамдарын жөнөтүп жатты. “Оң колуң менен бергенди сол колуң билбесин” деген принципти тутунган Акылбек мырза өзүн пиарлап маек берүүдөн алыс. Бул жолу аны маектешүүгө араң көндүрүп, кеңири баарлаштык. Анда кеп башынан болсун.

Маалымат

Түмөнбаев Акылбек Тогузбаевич Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районунун Кең-Суу айылында 1972-жылы 21-мартта жарык дүйнөгө келген. 1996-жылы Ж. Баласагын атындагы КУУга тапшырып 2002-жылы юриспруденция адистигине ээ болгон. 2011-2014-жылдары К. Дикамбаев атындагы Дипломатиялык академиясынын эл аралык байланыштар адистигин аяктаган. Эмгек жолун 1992-жылы «Дизайн» биргелешкен долбоорун регистрациялоо ишканасында катардагы кызматкерден баштап, ал жерде 1994-жылга чейин эмгектенген. 1994-1995-жылдары КРнын ички иштер министрлигинин ички иштер органдарында кызмат өтөп, 1995-жылдан 2001-жылга чейин КРнын каржы министрлигинин алдындагы Мамлекеттик салык башкармалыгында, 2001-2002-жылдары Каржы министрлигинин алдындагы Каржы полициясында, 2002-2003-жылдары Каржы полициясынын региондор аралык башкармалыгында Чүй, Талас облустары боюнча ыкчам өкүлү, 2005-жылдан 2008-жылга чейин КРнын каржы министрлигинин алдындагы каржы полициясында, 2009-2012-жылдары КРнын өкмөтүнүн алдындагы Мамлекеттик каржы полициясында иштеген. Учурда 2016-жылдан тартып бүгүнкү күнгө чейин Кыргыз Республикасынын эсеп палатасында аудитор болуп эмгектенип келет.

“Адал иштин арты - бакыт” демекчи, Акылбек Түмөнбаев мамлекеттик кызматтарда татыктуу кызмат өтөгөндүгү үчүн 1998-жылы Мамлекеттик салык кызматынын грамотасы менен сыйланган. Ошондой эле 2006-жылы “Мыкты кызматкер” төш белгисинин, 2007-жылы «Шаң» төш белгисинин, 2009-жылы “Күжүрмөн” төш белгисинин, “Мекенчил” медалынын, 2018-жылы “Мамлекеттик аудит отличниги” төш белгисинин жана КРнын Жогорку Кеңешинин энчилүү саатынын ээси болгон.

- Акылбек Тогузбаевич, “Өмүр көчү балалыктан башталат” демекчи, бактылуу балалыктын баёо күндөрүнөн кеп баштасаңыз.

- “Туулган жердин топурагы алтын” демекчи, менин бала чагым, туулуп-өскөн жерим Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Кең-Суу айылында өттү. Бала чак дегенде ар бир инсан балалык кезиндеги сезимдерге жетеленет. Эх... Кайталангыс балалык күндөр... Мен 6 эркек, 2 кыз 8 бир туугандын кичүүсү болгондуктан абдан эрке өстүм. Чоң атам Түмөнбай, тилекке каршы, эрте каза болгондуктан көрбөй калдым. Бирок чоң энемди ээрчип көп тарбия-таалимин алдым. Чоң атамды өзүм көрбөй калсам дагы ал кандай инсан болгондугу тууралуу чоң энемден жана атамдан уктум. Түмөнбай чоң атам ат чапкан, күрөшкө, оодарышка түшкөн балбан киши болгон экен. Анын балбандыгы туурасындагы аңыз-кептерди айылдагы замандаштары көп айтып калышчу.

Атам Түмөнбай уулу Тогузбай 1938-жылы туулгандыктан анын балалык кези оор согуш мезгилине туш келген. Атам Санташ совхозунда катардагы кызматкерден баштап, совхоздун жогорку кызматтарын дагы аркалап коомго кызматын өтөгөн. Атам эмгекти сүйгөн адам болгондуктан бизди да эмгекчил болууга үндөп, “эч качан бирөөдөн урдап же тартып алып жан бакпагыла. Бирөөнүкү аш болбойт. Колуңардан келсе адамга жакшылык кылсаңар, ал жакшылык Кудайдан кайтат. Жакшы болуу аста-аста. Алдыңа чоң максат коюп, ага жетүүгө умтул. Эмгекчил жана жөнөкөй болгула”, - деп сөздүн таасири менен тарбиялады. Ал эми энем Эркингүл Макенова Балбай баатырдын тукумунан, Балбай баатыр чоң таяталарыбыз болот. Энем атама турмушка чыккандан тартып Кең-Суу айылында жашап, айылдагы чоң дүкөндө сатуучу болуп иштеди. Ал убакта иштин, үй-бүлөнүн, баланын түйшүгүн бирдей артынуу оңой эмес эле. Ошондон улам ата-энебиз күндүзү бизди орус бала багуучуга каратты. Андан биз орусчаны жакшы үйрөндүк. Ал эми апамдын бизге койгон талаптары, тарбиясы катуу болгондуктан мектепте жакшы окуганга, тартипти бузбаганга аракеттендик. Мектепти аяктаган соң мен училищеде окудум. Андан соң жигиттик парзымды аткаруу үчүн Украинада 2 жылдык аскердик милдетимди өтөп келгем.

- Мектепти аяктаган соң сиздин кесип тандооңузга ата-энеңиздин кимисинин салымы зор болгон? Же өзүңүз тандаган кесиптин ээси болдуңузбу?

- Кесип тандоомдо ата-энем кийлигишкен жок. Өз каалоом менен юридикалык билим алууга умтулуп, борборго келип Ж. Баласагын атындагы КУУга тапшыргам.

- Түптүн Кең-Суу айылы атына заты жарашкан кооз, суусу кенен айыл дешет. Мындан тышкары биз билбеген дагы кандай сырды бул айыл өзүнө камтып турат?

-  Атабыз Түгөлбай Сыдыкбековдун “Кең-Суу” романында айтылгандай, Кең-Суу айылы чындыгында абдан сууга кенен, кереметтүү кооз жаратылышы менен адамды өзүнө тартып турат. Ар бир көчөдө шаркырап аккан суусу менен суктантат. Эли дагы өзгөчө кең пейил, иштерман, адептүү. Айылдын өйдө жагындагы тоонун башында Көл-Төр деген көлүбүз жана тоо этекте токой чарбабыз бар. Жаратылышка бай абасы таза кооз айыл. Жакшылык-жамандыкта ынтымакташып, калыс чечим чыгарган дөөлөттүү аксакал, карыяларыбыз, эстүү, кыз-келиндерге үлгүлүү болгон, колунан көөрү төгүлгөн байбиче апаларыбыз арбын. Ал эми айылыбыздын бизге окшогон шаардагы уул-кыздары айылдагы кем-карчылардан кабар алып колунан келген жардамдарды берип турат.

- Түгөлбай атабыз - ХХ кылымда кыргыз адабиятындагы реалисттик прозаны калыптандырууга, өнүктүрүүгө чоң салым кошкон эл жазуучусу, академиги. Ушундан улам небереси сизде да кагаз чиймелеп жаза калган талант бардыр...

- Чынын айтсам, кагаз чиймелеп ыр же текст жазганга шыгым жок. Жогоруда айтып өткөндөй, чоң атам балбан киши болгондуктан, тай жагымда дагы Балбай баатырдын каны бар болгондуктан оодарыш, улак тартуу сыяктуу улуттук оюндарга кызыгам. Жаш кезимде оодарыштарга түшүп, улак тартчумун. Азыркы учурда дагы бош убактымда жаштар менен теңтайлашып, улак тартыш жана оодарыш оюндарына катышып турам.

- Кичине кезиңизде Түгөлбай атанын үйүнө барып калган уюткулуу улуу инсандардын кешигин деле ичип калгандырсыз?

- Түгөлбай чоң атам туулуп-өскөн айылдагы үйдө азыр менден улуу агам турат. Ооба. Биздин айылда эмне деген залкар инсандардын издери калды. Чоң атамдын 50 жылдык, 60 жылдык мааракелери өзү туулуп-өскөн Кең-Суу айылында өткөн. Ошондо манасчы Саякбай Каралаев, улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматов, Сүйүнбай Эралиев, Сооронбай Жусуев баш болгон улуу инсандар келип даам татып конок болуп кетишкен. Ошол чоң атам жашаган үй бүгүнкү күндө да таптаза. Ал үйдү Түмөнбай менен Түгөлбай аталарыбыз, эки бир тууган жыгачтан өз колдору менен курушкандыктан ал биз үчүн тирүү тарых болуп сакталып тура берет. Ал эми Түгөлбай атамдын Бишкектин Раззаков көчөсүндө жайгашкан үйүнө да кичинемде көп келдим. Үйүнүн алдында атайын жасалган тапчаны бар эле. Ошол жерде кагазын жайып алып бактын арасында жазып олтурган чоң атамдын элеси жүрөгүмдө сакталуу.

- Жылда Түгөлбай Сыдыкбековдун туулган күнүндөбү, айтор, бир убакытта айылыңыздагы мектепке чоң иш-чара уюштурарыңызды айтышат. Ушул иш-чара туурасында өз оозуңуздан уксак...

- Туура. Чоң атамдын урматына арнап бир топ иш-чараларды уюштуруп келебиз. Т. Сыдыкбековдун 100 жылдыгында Ысык-Көл облусунда облустар аралык ат оюндарын, ат чабыш, улак, оодарыш жана башка оюн-зоок уюуштуруп чоң той бердик. Андан кийин Кең-Суу айылында 105 жылдыгына арнап Жазуучулар союзундагы болгон жазуучулардын баарын чакырып чоң иш-чара өткөрдүк. Бир топ жылдан бери жыл сайын чоң атамдын туулган күнүндө мектеп окуучуларына Түгөлбай Сыдыкбековдун элесине арналып атайын жасалган значок, диплом, грамоталарды жана жакшы окуган окуучуларга стипендияларды тапшырууну салтка айландыргам. 2014-жылы Түгөлбай чоң атамдын элесине арнап борборубуздагы Эркиндик бульвары менен Чүй проспектисинен орун алып, ал жерге капсуласын орноттук.

2016-жылга чейин Таалайбек агам Жаңы жылда 1-2-3-4-5-класстын окуучуларын куттуктап, таттууларды белекке берип көңүлдөрүн көтөрүп келчү. Ал каза болгон соң кийин жыл сайын уюштурууну өз колума алдым. Мындан тышкары бул жылдын башында санариптештирүү демилгесин колдоого алып, 500 окуучуга электрондук күндөлүк, 34 мугалимге электрондук журнал программасын ишке ашырууга каржылык жардамымды бердим. Өзүмө жаккан сапатым - берешенмин. Айрым адамдардай болуп жардам сурап кайрылгандардын шагын сындырып телефонду албай коюп же жашынып жатып алмайым жок. Муктаж болуп жардам сурап келген адамдын шартын угуп, шагын сындырбай колумдан келген жардамды, бир чөөгүн чайымды берип, жылуу сөзүмдү арнап узатам. Үмүттөнгөн адамдын үмүтүн үзүү жаман нерсе.

- Пандемия убагында да Түп районуна бир канча ирет дары-дармек жана башка керектүү каражаттардан гуманитардык жардам берип жаттыңыз...

- “Оң колуң менен бергенди сол колуң билбесин” деген принципти тутунам. Ушундан улам берген жардамдарды айтып ачыктаганды жактыра бербейм. Башкысы эл билсе болду. Кимдин-ким экенине эл - тараза, эл - сынчы. “Жакшы эли менен, өрдөк көлү менен” деп бекеринен айтылган эмес. Ушундан улам пандемия убагында бейтаптардын саны чекке жетип турган кезде элдин кыйналганын көрүп жөн жата албадым. Ага чейин деле бир топ жылдан бери райондон, айылдан жардамымды аяган эмесмин. Карантин жаңы жарыяланганда Бишкектен Түпкө чейинки ар бир постко токтоп, андагы кызматкерлердин абалы менен таанышып, кем-карчыларын таштап өзүм кыдырып барып келгем. Кийин бейтаптардын, өлүмдүн саны көбөйө баштаганда жанымды коёрго жер таппай, өзүмдүн дагы коронавирус илдети менен алпурушуп, төшөктөн тура албай жатканыма карабастан Түп райондук ооруканасынын жетекчиси Айнура Айылчиевна менен байланышып, элге жетпей жаткан бир топ дары-дармектерди, коргонуу каражаттарын Бишкектеги дарыканалардан чогултуп жөнөткөм. Адам жүрөгү менен күчтүү, жыгач тамыры менен күчтүү. Жүрөгү ак, ак ниеттүү адам Кудайга да жагат. Колуңдан келип турса адамга кылган жакшылык, элге кылган жакшылык жерде калбайт.

- Учурда эл элге жакын, элине күйгөн, элим деп жүргөн инсандар саясатка келсе деп тилешет. Сиздин келечекте эл үчүн ак кызмат кылып саясатка аттансам деген ниетиңиз барбы?

- Албетте, келечекте саясатка аралашууга ниетим бар. Саясатка аттанып, бир гана Ысык-Көл облусу, Түп районуна эле эмес, бүткүл Кыргызстан үчүн, мамлекеттин өнүгүп-өсүшү үчүн билим деңгээлим, акыл парасатым жеткенинче элибизге ак кызматымды арнасам дейм. Өзгөчө аймактардагы айылдардын өнүгүшүн камсыздоого жан үрөмөкмүн. Айыл эли жерин айдап, малын айдап, жери-малы менен гана оокатын кылып жатышат. Андыктан айыл элинин малынын этин чет өлкөлөргө экспорттоо керектигин сунуштап, мал чарбачылык, дыйканчылыкты өнүктүрүү идеяларын көтөрүү тилегим бар.

- Кээде иштен чарчаганда кантип эс аласыз?

- Кыргыз эли “Ат - адамдын канаты” деп коёт. Анын сыңары, атам асыл тукум аттарды бапестеп баккан адам болгон. Ошол атамдын касиети менде калса керек. Учурда асыл тукум аттарды багып, атайын таптап, тапталган күлүк жылкыларды байгелерге салып кумарланам. Иштен чарчаганда ошол аттарымды көрүп, тоо аралап минип, чаптырып, сылап, ар бирине аяр мамиле жасап, тилин билбесем дагы сүйлөшүп мээмди сергитип алам.

- Сизге эркин микрофон...

- Биринчиден, мамлекетибиздин тынчтыгын, элибиздин саламаттыгын, жерибиздин бүтүндүгүн тилейм. Өлкөбүз чоң сыноону башынан кечирүүдө. Андыктан мындай сыноо, мындай кыйын кырдаал эч качан кайталанбасын. Эл арасында элим-жерим деген жүрөгүндө ыйманы, патриоттук сезими бар, ак ниеттүү, билимдүү жаштар арбын болсун. Мамлекетибиз өнүгүп-өсүп, өнүккөн өлкөлөрдүн катарына кошулсун. Бакыт эмгектен жаралат. Эмгекти сүйгөн эмгекчил жаштар арбын болсо дейм.

Жазгүл КАРБОСОВА