Ийгилик сыры
Марс ИСАЕВ, “Ош шаардык кеңешинин депутаты, жеке ишкер: “Мамлекеттик иште иштеп кете алам, ага көзүм жетет“
Элита плюс
Апрель 04, 2020 г.
Марс ИСАЕВ, “Ош шаардык кеңешинин депутаты, жеке ишкер:  “Мамлекеттик иште иштеп кете алам, ага көзүм жетет“
© Элита плюс
Марс ИСАЕВ, “Ош шаардык кеңешинин депутаты, жеке ишкер:  “Мамлекеттик иште иштеп кете алам, ага көзүм жетет“
© Элита плюс

Кандай кыйынчылык болсо да турмушта ийгилик жараткан адамдар аз эмес. Алардын катарын Марс Исаев да толуктайт. Ишти нөлдөн баштоо же жоктон бар кылуу - тобокелдикти жана эркти талап кылган кадам. Марс мырза да жоктон бар кылган эмгекчил адам. Эмгекчил, аракетчилдигинен жашоодо көп ийгиликке жетишип, ишкерчиликтин көзүн таап, иш орундарын түзүп, бир топ адамды иш менен камсыздайт. Бизнес менен гана алектенбестен, Ош шаардык кеңешинин депутаты катары эл кызматында жүрөт. Канчалык бийиктеген менен жөнөкөй болууга аракеттенген Марс Асановичтин бизнестеги максаты пайда көрүү эмес, кардарлардын ыраазычылыгына арзуу.

“Билимимдин ишкерликке пайдасы тийди”

  • Ата-тегим Өзгөндөн. Бирок ата-энем мен кичине кезде эле эки жолго түшүшкөндүктөн Ош шаарында чоңойдум. Беш бир тууганмын. Менден кийин 2 иним, 2 карындашым бар. Мектепти аяктаган соң КУУнун Ош шаарындагы филиалына тапшырып, кийин Бишкекке которулуп келип, бул жактан аяктадым. Биринчи кесибим - экономист. Экинчи кесибим - юрист. Учурда да окуп жатам. Өз кесиптерим менен иштеген жокмун. Бирок билимимдин ишкерлигиме өтө пайдасы тийди. Мамлекеттик кызматта бир аз убакыт иштедим. “Нур” телеком, азыркы “О” компаниясында иштеп, башкы директордун 1-орун басары болдум. Кийин Каржы министрлигинде эмгектенип, андан соң баш-отум менен ишкерликке аралаштым. Апам - мугалим, атам деле бул чөйрөдөн алыс. Жашоо-турмуш мени ишкерликке тарбияладыбы же өзүмдүн эле жөндөмүм барбы, айтор, ишкерликти жөндөп кеттим. Кичинемде апам союздун фотоаппаратын сатып берген, аны менен сүрөт тартып, сатып акча тапчумун. Ал адат студент кезде да калбай, каникул болгондо айылга барып пахта жыйначумун. Тактап айтканда, элге акча таратып, кайра пахта жыйнап кетип орустарга ортомчу болдум. Мектепте класском, студент кезде староста болуп коомдук иштерден калчу эмесмин. Ошентсе да ишкерликке убакыт тапчумун.

“Ишкерчилигим курулуш, ресторан, тейлөө жаатында”

  • 2001-жылы тааныштарым менен “Голубой Иссык-Куль” санаториясынын ичиндеги кафе-ресторандарды ижарага алып, өзүбүз оңдоп-түзөп иштеттик. Беш ресторандын бири европа, экинчиси кытай ашканасы болуп, айтор, бешөө тең ири ресторандар болчу. Жайкы сезондон сентябрга чейин акча таптык. Азыркы ресторан ишкерчилигимдин башаты ушул болгон. Учурдагы ишкерчилигим курулуш, ресторан, тейлөө жаатында. 2010-жылкы коогалаңдан кийин ишим жакшы болду. Ал учурда Ошто элем. Чачымды кырктырайын деп бир дагы чач тарач таппайм. Элдин баарынын эле чачы өсүп, мага окшоп чач тарач издегендей сезилди. Дароо чач тарач ачуу идеясы келип эле апама: “Апа, чач тарач ачып берсем, сиз иштетпейсизби?” - десем макул болду. Бул жаатта экөөбүздүн тең тажрыйбабыз жок болгондуктан тобокелчиликке салып ижарага имарат алдык. Кызыктын баары башталды. Ичин оңдоп-түздөп эмерек жасаталы деп киши таппайбыз. Ош шаары боюнча бир дагы эмерек цехи жок экен. Издеп жүрүп араң бир кишини таптык. Тапшырык берели десек, кезекке тургандар өтө көп экен. “Үч ай күткүлө”, - деди. Айла кетип дагы бир идея жаралып Бишкекте эмерек саткан корей таанышыма байланышып, чогуу иш баштап, эмерек жасаган цех ачуу керектигин айтсам, макул болуп Ошко келди. Ошентип, эмерек жасаган цех ачтык. Биринчилерден болуп өзүбүздүн салонго эмерек жасап, чач тарачты иштете баштадык. Экөө тең жакшы иштеп тапшырык бергендерден баш адашат, биз үлгүрбөй улам бир жумушчуну ишке ала бердик. Анда азыркыдай жарнама күчтүү эмес болчу. Биз болсо жарнамадан каражат аяган жокпуз. Кийин 2-салонду ачтык.

“Заманбап чоң бизнес борборун курабыз”

  • 2011-жылы тамактануучу жай ачууну көздөп Оштун борборунда каралбай калган бош имаратты ары-бери өткөндө көрчүмүн. Жетекчисине барып алгач ижарага алып, ичи-сыртын оңдодум. Кийин “сатам” деп калды. Насыя алып сатып алдык. Насыяны төлөө керек деп жоопкерчилик менен иштеп, аны “Изюм” деген ресторан кылып, тейлөөнү жакшыртып, европа тамактарын алгачкылардан болуп Ошко биз алып бардык. Дагы бир караоке-бар, бир жылдан соң мейманкана, “Пульс” заманбап фитнес борборун, “Сүйүү багы” аллеясын ачтык. Бир тармакта жүрө бербестен, “Имар Строй” курулуш компаниясын түптөдүк. Учурда тендерлерге байма-бай катышып, утуп, имараттарды оңдоп келебиз. Бүгүнкү күндө жалпы 200дөй адам иш менен камсыздалган. Келечекте жасай турган иштер, пландар арбын. Ош шаарына чоң бир заманбап бизнес борборун куралы деп чуркап жүрөбүз. Шаардын жакшы жеринен жер тилке алдык, буюрса, жакында курулушун баштайбыз.

“Ишкерчиликте тобокелчилик мааниге ээ”

  • Ишкерчиликтин ийгилиги эмгекте. Эмгегиң катуу болсо, жегениң таттуу болот. Иштечү жерден уктабай иштеп, эс алчу жерден эс алып ийгиликке жеттик. Коркпош керек, анткени бардык ишкерликте тобокелчилик бар. Байып, ийгиликке жетишкен соң адамдын жашоосунда көп нерсе өзгөрөт. Биринчиси - адамдардын мамилеси. Албетте, баары дегенден алысмын, бирок ишиң жүрүшүп жатканда айланчыктап, ишиң оорлогондо тетири карап кеткендер менде да болгон. Бул мыйзам ченемдүү көрүнүш. Акчага, байлыкка, ийгиликке карап мамиле кылгандардын көбөйүп баратканы өкүндүрөт. Экинчиден, акчалуу адам деп үмүт артып, жардам сурагандар көп. Андыктан кайрымдуулук иштерин кылып туруу зарыл. Бирок аны ар бир адам өзү үчүн жасайт, айтуунун кажети жок. Үчүнчүдөн, аз да болсо ийгиликке жетишип, ишкерликте ордуңду таап калган соң эл сага ишенип, саясаттан көргүсү келишет экен. Мамлекет жалпыбыздыкы. Андыктан мамлекеттик кызматта болобу же жеке ишкерлик кылабызбы, айтор, баарыбыз мамлекетибизди көздүн карегиндей сактап, байлыгыбызды кемитпей, кийинки муунга өткөрүп берүүбүз керек. Мен мамлекеттик иш болсо деле иштеп кете алам. Ага көзүм жетет, эми бул нерсени убакыт көрсөтөт.

“Апам да мугалимдиктен ишкерликке өткөн

  • 6 баланын бактылуу атасымын. Улуулары мектепте, калганы кичинекей. Балдарым кичине болгондуктан келинчегим балдар менен үйдө. Апам да мугалимдиктен ишкерликке өтүп кеткен. Жашы өйдөлөгөн сайын кыйналганын байкадым. Анткени мугалимдик иш оор. Ойлонуп бизнеске тарттым. Башында контейнерди ижарага алып айымдардын кийимдерин сатып, кийин Кытайга, Украинага кирип товар ташыды. Айтор, бул иштин көзүн тапты. Бир туугандарымды да ишкерликке тарттым, бирок ар кимиси өз жөндөмүнө карап бири да бизнеске барган жок. Ар бири өз колунан келген иштери менен алек.

“Элита plus”