Садыр Жапаров 3-класстын окуучусуна комуз белек кылды
Элита плюс
Апрель 20, 2021 г.
Садыр Жапаров 3-класстын окуучусуна комуз белек кылды
© Элита плюс

Садыр Жапаров Сокулук музыкалык мектебинин 3-класстагы окуучусу Адинай Жумакадыровага комуз белек кылды. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти. Билдирүүгө ылайык, 3-класстын окуучусу Адинай Жумакадырова Нооруз майрамынын урматына Садыр Жапаровго кат жолдоп, улуттук музыкалык аспап белек кылууну суранган. Жазган катында ал өрүк комуз каалай турганын белгилеген. Комузду бүгүн президенттин аппаратынын гуманитардык өнүктүрүүгө мониторинг жүргүзүү жана жарандык коомдун институттары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы Кудайберген Базарбаев Адинайдын өтүнүчүн аткарып, президенттин атынан ага комуз белек кылды. Кудайберген Базарбаев аталган музыкалык аспапты тапшырып жатып, Садыр Жапаров балдар маселесине ар дайым көңүл буруп, жаш муундардын ар тараптуу өнүгүүсүн артыкчылыктуу багыт катары эсептээрин белгиледи. "Адинайдын жолдогон каты дарегине жетти. Балдардын кыялдары орундалат. Негизгиси, кыялдана билип алдыга милдеттерди коё билүү керек. Бүгүн биз Садыр Жапаровдун атынан улуттук музыкалык аспапты - комузду Адинайга белекке тапшырып жатканыбызга кубанычтабыз. Каттагы өтүнүчү менен ал өрүктөн жасалган. Мамлекет башчысы Адинай мыкты музыкант болуп, ар кандай эл аралык конкурстарда өлкөнүн атынан чыгат деген чоң үмүтүн билдирди", - деп айтты ал. Өз кезегинде жаш музыканттын апасы Асел Асаналиева президентке кат жазуу кыздын жеке идеясы экенин айтты. "Ал бала кезинен эле музыкага, комузга өзгөчө жакын. Ар дайым өзүмдүн комузум болсо деп кыялданчу. Кыялын ишке ашырууга аракеттенип, өзү каалаган аспапты президенттен суроону чечти. Көп өтпөй эле президент комуз белекке берери жөнүндө кабарлашты", - деди ал.